Ошто унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалдыТаластагы жаңыланган «Манас Ордону» Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалуудаКутурма өлүмгө алып келет: жаныбар тиштеп алгандан кийин эмне кылуу керек — дарыгерлердин кеңештериБШК бир нече жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргызстандыктар үчүн Улуу Британиядагы сезондук жумуштар: каттоо 17-августта башталат«Бул аялзатынын күчү тууралуу»: Виктор Цой бийик тоолуу KYZ POWER муралы жөнүндө
БШК бир нече жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
14.08.2026 | 13:04

Бүгүн, 14-августта, Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү чечимдерин кабыл алды.
Комиссиянын маалыматында, төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттар кийинкилерге өткөрүлүп берилди:
- Бишкек шаардык кеңеши: Бош калган мандат Ренат Солтоновго («Жаңы күч-Новая сила» партиясы) берилди.
- Талас шаардык кеңеши: Айнура Нартаеванын («Аманат ЭСП» фракциясы) ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, мандат Елена Бортниковага өткөрүлдү.
- Кемин району (Чон-Кемин айылдык кеңеши): Айбек Туратбековдун ордуна Нурдин Егиналиев депутат болду.
- Москва району (Ак-Суу айылдык кеңеши): Данияр Сатиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат Нарынбек Султанкуловго берилди.
- Нарын району (Учкун айылдык кеңеши): Назарбек Болотбек уулунун ордуна Кылычбек Тостоков келди.
- Сузак району (Кыз-Көл айылдык кеңеши): Нурбек Абдырасуловдун ыйгарым укуктары токтотулуп, бош мандат Советбек Аманкуловго өткөрүлдү.
- Ноокат району (Көк-Жар айылдык кеңеши): Таалайбек Рахматиллаевдин ордуна Абдыганы Жарматов депутат болуп катталды.
Мындан тышкары эки жергиликтүү депутат каза болгон. Алардын бош калган мандаттары кийинки талапкерлерге өттү:
- Ноокат району (Төөлөс айылдык кеңеши): Тажихан Жапарованын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, мандат Асан Манаповго берилди.
- Өзгөн району (Дөң-Булак айылдык кеңеши): Манзура Рахманованын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, мандат Оятилла Ибрагимовго өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат