Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британиядагы сезондук жумуштар: каттоо 17-августта башталат

14.08.2026 | 12:30
Сезонная работа в Великобритании для кыргызстанцев: регистрация начнется 17 августа — Новости Кыргызстана

2027-жылга Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына кыргызстандык жарандарды онлайн каттоо 17-августунда башталат. Ал Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен HOPS Labour Solutions Ltd операторунун кызматташтыгынын алкагында өткөрүлөт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Онлайн каттоо 17-августта Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталып, 20-августта саат 23:59да аяктайт.

Каттоо үчүн эмнелер талап кылынат:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу чет өлкөлүк паспорту;
  • Gmail электрондук почтасы. Электрондук почтанын дарегинде талапкердин аты-жөнү чет өлкөлүк паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык жазылышы керек.

Тандоо процессин HOPS Labour Solutions Ltd оператору жүргүзөт. Биринчи этаптан өткөндөргө гана онлайн-тестирлөө үчүн шилтеме жөнөтүлөт. Талапкерлерге каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почтасын, анын ичинде «Спам» папкасын үзгүлтүксүз текшерип туруу сунушталат. Анткени мындан аркы маалыматтар электрондук почта аркылуу гана жөнөтүлөт.

Талапкерлер 18 жаштан жогору, орус тилин билген жана ден соолугу чың болушу шарт.

Жумуш шарттары:

  • эмгек акы — саатына 12,71 фунт стерлинг;
  • минималдуу жумуш убактысы — жумасына 32 саат;
  • визанын баасы — 340 фунт стерлинг (2027-жылдын апрель айынан тартып жогорулашы мүмкүн);
  • авиабилеттин баасы валюта курсунан жана билеттин сатып алынган убактысынан көз каранды.

Белгилей кетсек, каттоо үчүн шилтеме Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыяланат.

Scroll to Top