2025-жылы президенттин фондунан 2,7 млрд сом эмнеге жумшалдыЖапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышатСыйлыкты чындап татыктуу болгондор гана алышы керек — Садыр ЖапаровТокмоктогу дөңгөлөк кайра иштетүүчү завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыктыЧүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилдиОш шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасында Азия чемпионаты өтөт
БШК: Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар
24.09.2020 | 14:30
Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар.
Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал мыйзамга ылайык, шайлоого 10 күн калганда БШК шайлоочулардын соңку тастыкталган тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүүсү керектигин айтып, тизмени тактоо жыйынтыкталганын айтты.
“Биздеги бүгүнкү маалымат боюнча өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 523 миң 532 адамды түзөт.
Мурдагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 94 миң адамга көбөйдү”, – деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат