Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Сот Бактыбек Калмаматовду үй камагына чыгарды
20.01.2022 | 18:09
Камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматов соттун чечими менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Калмаматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.
Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 11-январда Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралып, аны бошотуу өтүнүчү канааттандырылган эмес болчу.
Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат