Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды
06.10.2020 | 14:36
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Маалыматты “Репортёрго” БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов тастыктады.
“БШКнын отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. Жаңы шайлоонун мөөнөтү эки жуманын ичинде белгилүү болот. Азыр так датасы аныктала элек”, – деди Бекматов.
Белгилей кетсек, автоматтык эсептөөчү аппараттын жыйынтыгы менен “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.
5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү алар Ак Үйдүн жана УКМКнын имаратын басып алышкан. Митингдеги элдин талабы менен абактагы бир нече саясатчылар эркиндикке чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат