Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
БШКнын алдына 7 партия митингге чыкты
22.04.2021 | 14:24
Бүгүн, 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышты.
Митингге чыккан партиялар: «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Улуу журт», «Улутман», «Тынчтык», «Бүтүн Кыргызстан, «Айкөл Кыргызстан» жана «Бийлик элге». Алар 11-апрелде өткөн аймактык шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өттү. Добуш берүү 28 шаарда жана 420 айылда жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат