IT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»

«Касперский лабораториясынын» Казакстандагы, Борбор Азиядагы жана Монголиядагы башкаруучу директору Валерий Зубанов Reporter.kg басылмасына берген маегинде Бишкектеги CYBERNOMAD FEST фестивалынын алкагындагы улуттук киберкөнүгүүлөр студенттер өзүн көрсөтүү үчүн эң сонун аянтча экенин, ал эми потенциалдуу иш берүүчүлөр эң таланттуу балдарды практикада көрүп, өздөрүнө жумушка чакыра аларын айтып берди. Анын айтымында, мындай форматтагы мелдештер биринчи жыл эмес өткөрүлүп жатат.
Зубановдун пикиринде, бул иш-чара өлкө үчүн абдан маанилүү, анткени азыр киберкоопсуздуктун маанилүү маселеси көтөрүлүүдө — ансыз туруктуу жана бекем өнүгүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Ал фестивалынын алкагында банктардын катышуусу менен сессия өткөнүн, ал эми түштөн кийин өнөр жай секторуна арналган сессия болорун белгиледи, анткени өнөр жай сегментиндеги коопсуздук маселеси алда канча критикалык мааниге ээ.
«Эгерде банктагы окуянын айынан адамдар жана уюмдар акчасын жоготсо, ал эми кырсык өнөр жай ишканасында орун алса, анда ал адам өмүрүнө коркунуч туудуруу маселесине чейин барышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал.