Бул шалаакылык! Депутат А.Бейшеналиевдин ишин сындады

Бул шалаакылык! Депутат А.Бейшеналиевдин ишин сындады

Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында депутат Айбек Осмонов билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин ишин сынга алды.

Анын айтымында, министр инсандын руханий адеп-ахлагы, өнүгүүсү тууралуу президенттин жарлыгын аткарбай жатат.

“Мектептерде пионерлердин 100 жылдыгы белгиленип жатканы уят. Биз алдыга жылбай эле кайра артка кетип жатабызбы? Бул министрдин түздөн түз шалаакылыгы жана түшүнбөстүгү. Президенттин жарлыгын ишке ашырууга эч кандай концепция иштелип чыккан эмес”, — деди ал.

Ошондой эле, ал Сузакта окуучу менен мугалимдин ортосунда болгон чыр тууралуу айтып, “Экөөндө тең айып бар деп эсептейм. Биринчи үй-бүлө бул ата-эне, экинчиси мектептеги эжей-агайлар деп айтылат. Бул багытта министр иш алып барышы керек”, — деп билдирди.

Мындан тышкары, ал жоолук салынган окуучуларды мугалимдер окууга киргизбей жаткан учурлар кездешип жатканын айтып, министр отчет бериши керектигин кошумчалады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>