Жапаров: Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий карама-каршылыктар жок

Жапаров: Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий карама-каршылыктар жок

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Бул башкысы. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон эки тараптуу жолугушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров быйыл тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын эске салды. Бул жылдар аралыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду, көптөгөн стратегиялык маселелер боюнча өнөктөштүк мамилелер түзүлдү.

Жапаров өлкөлөрдү аймактагы жалпы кызыкчылыктар, экономикалык кызматташтык гана эмес, маданий жана руханий байланыштар бириктирип турганын кошумчалады. Мамлекет башчысы эки элдин ортосундагы бир туугандык, достук жана жакшы коңшулук мамилелер эки өлкөнүн жазуучуларынын чыгармаларында чагылдырылганын эске салды.

«Биринчиден, биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экенин белгилегим келет. Бул эң негизгиси. Биздин өлкөлөр биргелешкен күч-аракет менен эки тараптуу байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү, ошондой эле конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылаарын ачык түшүнүү бар», — деп кошумчалады Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>