Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин сыйлыгын алды

Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин сыйлыгын алды

Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу EFC уюмунда кеченин мыкты беттешин өткөрүп,  ага Хабиб Нурмагомедов сый акы берди.

Спортчунун айтымында, Eagle Fighting Championship уюмунун тарыхында алгачкы жолу кеченин мыкты беттешине сый акы берилди.

«EFC 34 турниринде Владислав Королевский экөөбүздүн кез келүүбүз, кеченин мыкты беттеши деп табылып, бизге сый акы берилди. Уюмдун тарыхында мындай бонус алгачкы жолу бизге ыйгарылды. Мындан кийин кеченин мыкты беттештерине сый акы бериле турган болуп калды жана мен ага салым кошконума кубанычтамын», — деди мушкер.

Белгилей кетсек, мекендешибиз 20-мартка караган түнү орусиялык Владислав Королевский менен кез келип, калыстардын көпчүлүгүнүн чечими менен жеңишке жеткен.

Муну менен Абдибаит уулу карьерасында 13чү жеңишине жетти. Ал буга чейин, профессионалдык деңгээлде 15 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңсе, 3 ирет утулуп калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>