Бусурманкул Абдибаит уулунун жеңилгенден кийинки сөзү — видео

Бусурманкул Абдибаит уулунун жеңилгенден кийинки сөзү — видео

Бишкек шаарында өтүп жаткан Eagle FC 49 мелдешинде мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилгенден кийин сөз сүйлөдү.

Анда ал: “Чемпиондук кур келет-кетет, ар-намыс калат. Бирок ар-намыс кетсе, кайра келбейт”, — деди ал.

Eagle FC 49 мелдешинин башкы беттешинде ал россиялык Расул Магомедовго калыстардын чечими менен жеңилди.

Таразага түшүүдө Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы жарым жеңил салмак (65,8 кг) категориясынан 1,4 килограммга оор болуп калгандыктан, лиганын эрежесине ылайык ал чемпиондук курунан ажыратылган.

Бүгүн, 10-августта Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык мушкер Расул Магомедовге каршы беттешке чемпиондук курунан ажыратылганына карабай чыкты,  ал титулдук деп эсептеле берет.

Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle FC’нин чемпиондук курун былтыр Ысык-Көлдө өткөн мелдеште россиялык Руслан Яманбаевден тартып алган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>