Нурмагомедов: Абдибаит уулу менен Магомедовдун реванштык беттеши өтөт

Нурмагомедов: Абдибаит уулу менен Магомедовдун реванштык беттеши өтөт

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу менен Eagle FCнин 65,8 салмактагы жаңы чемпиону россиялык Расул Магомедовдун реванштык беттеши өткөрүлөт. Бул тууралуу UFCнин мурдагы чемпиону, Eagle FCнин негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов билдирди.

Расул Магомедов чемпиондук курду алып, сөз сүйлөп жатканда мелдеш өткөн «Бишкек Аренадагы» көрүүчүлөр аны сүйлөтпөй койду.

Андан кийин сөздү Хабиб Нурмагомедов алып, эки мушкердин реванштык беттешин Кыргызстанда өткөрөрүн билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Бүгүн, 10-августта Бишкекте өткөн беттеште Eagle FC 49 мелдешинин башкы беттешинде кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашына калыстардын чечими менен утулуп калган. 

Eagle FC 49: Бусурманкул Абдибаит уулу Расул Магомедовдон утулду (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>