Бутунан ажырап, көрбөй калган аял паспорт жана пенсия ала албай келет

Бутунан ажырап, көрбөй калган аял паспорт жана пенсия ала албай келет

Майлуу-Суу шаарынын 65 жаштагы тургуну Расима паспорт дагы, пенсия дагы ала албай келет. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун юристтери билдиришти.

Маалыматка караганда,  аял Ноокен районунун Сакалды айылнда туулган. Оштогу окуу жайды бүтүрүп, шаарда иштеп жүрүп, кийин оорулуу апасына жардам берүү үчүн туулган айылына кайтып келген. Жакырчылык менен күрөшүп, аракеч күйөөсүнүн терс таасири анын жашоосун кыйындаткан. Төрт баласы бар (экөө каза болгон), азыр алар Орусияда. Аял кант диабетинен улам бутунан ажырап, таптакыр көрбөй калган. Ал паспорт жана пенсия дагы ала албай келет.

Расиманын жалгыз паспорту 1974 же 1975-жылдары СССРдин паспорту болгон. Бул паспорт анын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган жалгыз документ болгон.  Ал эми 2010-жылдагы окуялардан улам архивдеги анын документтери күйүп кеткени аныкталган. Мекемеден аялга документтерди калыбына келтирүүгө бир нече жолу жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес.

Дагы бир жолу Расима документ алуу үчүн андан акча талап кылышкан. Расима колунда болгон 6 миң сом берген, бирок алар 15 миң сом талап кылышкан. Аял дагы каражат бере алган эмес.

Акыркы жолу Расимага эки айдын ичинде документ берүүнү убада кылышкан, бирок эки жыл өттү, абалы өзгөрүүсүз бойдон калууда.  Расима учурда Майлуу-Суу шаарында жашайт, аны 20 жаштагы небереси карайт. Төшөкто жаткан аял жашоо жана адилеттик үчүн күрөшүн улантууда.  Анын паспорту жана пенсиясы дагы жок.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>