21-июнга карата аба ырайы

21-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +16… + 21

күндүз + 27… + 32

Талас облусу

түнкүсүн +14… + 19

күндүз + 27… + 32

Баткен облусу

түнкүсүн +19… + 24

күндүз + 31… + 36

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +19… + 24

күндүз + 31… + 36

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +10… + 15

күндүз +23 … +28

Нарын облусу

түнкүсүн +9… + 14

күндүз + 22 … +27

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз жаан-чачын жок, кечинде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>