БУУ: Кыргызстанда жакырчылык күч алууда

БУУ: Кыргызстанда жакырчылык күч алууда

Кыргызстандын ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинде жашайт. Бирок 2022-жылдын акырына карата инфляциянын өсүшүнө байланыштуу мындайлардын үлүшү 35, ал тургай 38% га чейин көбөйүшү мүмкүн. Мындай эскертүү БУУнун ашкере жакырчылык боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер тарабынан берилгенин ЕвроНьюс жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, 1-июндан тарта аз камсыз болгон жаш балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлдү.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча 450 миңден ашык үй-бүлө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды (16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) алууда», — деп түшүндүрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн башчысы Максатбек Кеңешев. Алардын ичинен 106 миңден ашуун үй-бүлө көмөк алышат.

Бирок, Оливье де Шуттер белгилегендей, Кыргызстанда жакырчылыктын босогосу өтө төмөн. Эгерде бул жерде эл аралык критерийлер колдонулса, анда калктын жок дегенде 70 пайызы жакыр деп табылышы керек эле. Кыргызстандагы жакырчылыктын негизги себеби — жумуштун жоктугу.

«Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар азырынча кыска мөөнөттүү жана жаштардын  Орусияга, Казакстанга жана барган сайын Улуу Британияга, Түштүк Кореяга же Японияга миграциясына шыктандырууга багытталган», — дейт Оливье де Шуттер.

«Бирок бул өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы эмес. Узак мөөнөттүү келечекте өлкө адамдык капиталды чексиз экспорттой албайт жана жакырчылыкты азайтуу үчүн акча которууларга таяна албайт. Бул жерде жергиликтүү экономикада иш менен камсыз кылууну көбөйтүү керек» -дейт Шуттер.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>