Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерин сабаган прапорщик кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерин сабаган прапорщик кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерге чакырылган жоокерин сабаган деп шектелген прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, бир күн мурун Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери ӨКМдин №86123 аскер бөлүгүнө барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, аскерге чакырылган жоокер Бекзат Эсенбеков табарсыгы жарылып, шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Эске салсак, 31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Окуя жакындарынан жашырылган. Жабырлануучуга аскер билетин бербейм деп коркутушкан. Туугандарынын айтымында, ал сегиз ай бою кордук көргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>