Путин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болуудаКыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдө
“Кеңири ачык оюндар”: Париж 2024 Олимпиадасынын урааны жарыяланды
26.07.2022 | 21:50
Париждеги Олимпиада оюндарынын башталышына туура эки жыл калды.
Бул датага карата мелдештин уюштуруу комитети 2024-жылкы Олимпиаданын расмий урааны жарыяланды: Games Wide Open, аны кыргыз тилине “Кеңири ачык оюндар” деп которсо болот. Бул ураан жыныстар ортосундагы теңчиликти кыйытып, Олимпиаданын жаңы спорт түрлөрүнө ачыктыгын айтып жатканы.
“Биздин максатыбыз – стадиондор толуп, адамдар эмоцияга берилип, Франциянын командасын колдоо үчүн барышы үчүн билеттердин баасын көбүрөөк адамдар үчүн жеткиликтүү кылуу“, – деди 2024-жылкы Олимпиаданы уюштуруу комитетинин төрагасы Тони Эстангу.
Мелдешке билеттерди сатуу ушул жылдын декабрь айында башталат. Уюштуруучулар алардын баасы 24 евродон башталат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар