БУУ жасалма интеллектти жөнгө салууга чакырууда. Эмне үчүн?

Жасалма интеллект ушунчалык тездик менен өнүгүп жатат, анын мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери адамдар түшүнгөндөн да ылдам өзгөрүүдө. Ошондуктан БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дүйнө өлкөлөрүн бул технологияны жөнгө салуучу бирдиктүү эл аралык эрежелерди иштеп чыгууга чакырды.
Ал бул тууралуу Женева шаарында өтүп жаткан Жасалма интеллектти башкаруу боюнча биринчи Глобалдык диалогдун ачылышында билдирди.
БУУнун башчысынын айтымында, жасалма интеллект бүгүнкү күндө адамдардын жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Ал билим алууга, иштөөгө, ооруларды дарылоого жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө жардам берип жатат. Бирок анын мүмкүнчүлүктөрү менен катар олуттуу коркунучтар да пайда болууда.
Мисалы, алгач тынчтык максатында иштелип чыккан технологиялар азыр согуш талаасында да колдонулуп жатат. Гутерриштин айтымында, «өлтүрүүчү роботтор» эми илимий фантастика эмес, чындыкка айланды.
Дагы бир чоң көйгөй — дипфейктер. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербоктун айтымында, дипфейктердин 99 пайызы сексуалдык мүнөздө болуп, алардын 96 пайызы аялдарга жана кыздарга каршы багытталган.
БУУ жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү өнүккөн өлкөлөр менен гана чектелбеши керек деп эсептейт. Азыркы учурда дүйнөдө миллиарддаган адамдар заманбап санариптик технологиялардан дагы эле пайдалана албай келет. Бул айырмачылыкты азайтуу зарыл.
Ошол эле учурда акыркы чечимди ар дайым адам кабыл алышы керек жана жоопкерчилик да адамдын мойнунда болушу керек экендиги белгиленди.
БУУ өзгөчө балдардын коопсуздугуна көңүл бурууну сунуштайт. Гутерриштин пикиринде, жасалма интеллект системаларын иштеп чыгуучулар алар балдар үчүн коопсуз экенин алдын ала далилдөөгө тийиш.
«Биз коопсуздугу далилденмейинче дары-дармекти колдонууга уруксат бербейбиз. Ар бир оюнчукту текшеребиз. Бирок жасалма интеллект балдардын окуусуна, достук мамилелерине жана эң жеке жашоосуна эч ким анын кандай таасир этерин толук түшүнө электе эле кирип кетти», — деди ал.
БУУ балдар колдоно турган жасалма интеллект продуктуларын көз карандысыз коопсуздук текшерүүсүз чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо. Ошондой эле жасалма интеллект аркылуу даярдалган балдарга карата сексуалдык зомбулук материалдары автоматтык түрдө аныкталып, өчүрүлүп, укук коргоо органдарына жөнөтүлүшү керек.
Эгер система баланын психологиялык жактан жардамга муктаж экенин байкаса, ал сүйлөшүүнү токтотуп, чыныгы адистерге кайрылууну сунушташы керек.
Адистер жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү анын кесепеттерин изилдөөдөн алда канча ылдам өсүп жатканын белгилешет. БУУнун Жасалма интеллект боюнча көз карандысыз эл аралык илимий тобунун тең төрагасы Йошуа Бенджионун айтымында, азыркы заманбап моделдер адамдарды адаштырып, атүгүл өздөрүн текшерип жатканын түшүнө алышат.
Дагы бир көйгөй — жасалма интеллекттин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири. Маалыматтарды иштетүү борборлору өтө көп электр энергиясын жана сууну керектейт. БУУнун баамында, 2030-жылга чейин мындай борборлор дүйнөдөгү эң ири беш мамлекеттен башка бардык өлкөлөргө караганда көбүрөөк электр энергиясын пайдаланып калышы мүмкүн.
Ошондуктан БУУнун Башкы катчысы 2030-жылга чейин жасалма интеллектти тейлеген бардык дата-борборлорду кайра жаралуучу энергия булактарына өткөрүүнү жана компанияларды өз технологиялары канча электр энергиясын, сууну жана башка ресурстарды пайдаланып жатканын ачык жарыялоого чакырды.
БУУ белгилегендей, жасалма интеллект илимдин, экономиканын жана медицинанын өнүгүшүн кыйла тездетип, XXI кылымдагы эң пайдалуу технологиялардын бири боло алат. Бирок бул анын өнүгүүсү коопсуз, ачык-айкын болуп, адамдарга кызмат кылган учурда гана мүмкүн.
БУУнун сайтынын материалдарынын негизинде.