Бишкекте сырттан келгендер үчүн транспорттук карталар ишке киргизилиши мүмкүн

09.07.2026 | 14:05
В Бишкеке могут запустить транспортные карты для приезжающих — Новости Кыргызстана

Бишкекке сырттан келген жүргүнчүлөргө шаар ичинде жүрүү үчүн атайын транспорттук карталар сунушталышы мүмкүн. Мэр Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинин жана «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынын аймагында мындай карталарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды.

Мэриядан билдиришкендей, жүргүнчүлөр жеке унааларын автобекеттин аймагына калтырып, каалоосу болсо борбор калаада жүрүү үчүн транспорттук карта сатып ала алышат. Аны колдонуу ыктыярдуу түрдө болот.

«Бишкек шаардык транспорту» МИнин директору Талант Капаровдун айтымында, муниципалдык автобустарда накталай төлөм жокко чыгарылгандан кийин жүргүнчүлөргө жол кирени накталай эмес төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү болду.

Мэрия ошондой эле накталай эмес системага өтүүнүн аркасында шаардык бюджетке кошумча 1 млн сомго жакын каражат түшүп жатканын кабарлады.

Мындан тышкары, түнкү автобус каттамдарында күн сайын 2,1 миңден ашык транзакция катталууда. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, шаар тургундары түнкү каттамдардын ыңгайлуулугун жана жол кирени үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн белгилешүүдө.

Теги: мэрия
Scroll to Top