БУУда бүгүн Башкы катчынын кызматына талапкерлердин дебаттары өтөт

23-июлда Нью-Йордогу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде уюмдун Башкы катчысынын кызматына талапкерлердин дебаттары өтөт. Жолугушуу Башкы Ассамблеянын залында Нью-Йорк убактысы боюнча саат 17:00дөн 18:30га чейин болот. Анда талапкерлер БУУнун келечеги тууралуу көз караштарын сунуштап, мүчө мамлекеттердин, уюмдун кызматкерлеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет.
БУУнун учурдагы Башкы катчысы Антониу Гутерриш экинчи беш жылдык мөөнөтүн 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт. Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму анын мураскерин тандоо жол-жобосун жүргүзүүдө.
Расмий көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында Коста-Риканын өкүлү Ребека Гринспан, Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору, Аргентинанын өкүлү Рафаэль Гросси, Эквадордун өкүлү Мария Фернанда Эспиноса, Гайананын өкүлү Кэролин Родригес-Биркетт жана Сенегалдын мурдагы президенти Макки Салл бар.
Дипломатиялык чөйрөлөрдө эми БУУну Латын Америкасынын өкүлү жетектеши мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Мындан тышкары, уюмдун тарыхында биринчи жолу аял талапкердин Башкы катчы болуп шайланышы керек деген чакырыктар да күчөп жатат. Бирок бул милдеттүү эреже эмес — акыркы чечимди БУУга мүчө мамлекеттер кабыл алышат.
Ачык талкуулар аяктагандан кийин талапкерлердин талапкерлиги БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралып, анда бир талапкер сунушталат. Андан соң анын талапкерлигин Башкы Ассамблея бекитет. Ошол эле учурда Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн — АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франциянын ар бири вето укугун колдонуу менен талапкерди четке кага алат.