24-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +35° чейин жетет, Ысык-Көл облусунда нөшөрлүү жаан күтүлөт
Бүгүн, 24-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында нөшөрлүү жаан күтүлөт.

Күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19°, күндүз +29…+34°;
- Талас облусунда түнкүсүн +13…+18°, күндүз +27…+32°;
- Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22°, күндүз +30…+35°;
- Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22°, күндүз +30…+35°;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15°, күндүз +20…+25°;
- Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°, күндүз +21…+26°.
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19°, күндүз +31…+33° болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +23…+25° болот.