КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бүгүн балдар үчүн IT форуму өтөт
01.06.2022 | 09:00
Бүгүн 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда бир катар иш-чаралар өтөт. Алардын бири Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында уюштуруларын “Балдарды коргоочулар лигасынан” кабарлашканын “Азаттык” жазды.
Kids IT Day форумуна майыптыгы бар балдар жана муктаж үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 12-17 жаштагы балдар, кыздар катыша алат.
Алар үчүн инновациялык жана маалыматтык технологияларга кызыгуусун арттыра турган оюндар, сынактар, мастер-класстар уюштурулат. Белгилүү адистер жана блогерлер балдарга өз тажрыйбасы, ийгиликке жеткирген жолу тууралуу айтып беришет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом