Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Баткенде мектеп директорлорун тандоо сынагы качан башталары белгилүү болду
28.07.2022 | 09:29
Баткен облусунан мектеп директорлорун сынактык тандоо башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тандоо 11-12-август күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде өтөт. Учурда облуста 98 бош орун бар.
Анда республиканын бардык аймактарында сынактар өткөрүлөт.
Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген. Алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим