Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 31 жыл

Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 31 жыл

Бүгүн Кыргызстан эгемендикти алганына туура 31 жыл толду.

1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы көз карандысыз эгемендүү демоктратиялык суверендүү мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Мына ошол күндөн тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишкен.

Бүгүнкү Көз карандысыздык күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанатту иш-чара Чуңкурчак жайлоосунда жаңы түзүлгөн этно айылда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Анын алкагында маданий иш-чаралар, «Ынтымак» фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>