Анкарада ИИМдин алдында жардыруу болду

Анкарада ИИМдин алдында жардыруу болду

Бүгүн, 1-октябрда Түркиянын Ички иштер министрлининин Анкарадагы Коопсуздук башкы башкармалыгынын имаратынын алдында эки террорчу жардыруу жасады. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

Маалыматка караганда, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:30да болгон. Эки адам ИИМдин имаратынын алдына жеңил унаа менен келип, бир жанкечти өзүн жардырып салган. Экинчиси полиция тарабынан жок кылынган.

Бул окядан эки полиция кызматкери жеңил жараат алган.

Учурда бул иш боюнча прокуратура кызматы иликтөө иштерин баштады.

Анкарадагы жардырууга байланыштуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу кыргызстандыктарды коопсуздукту сактап, көчөдө, коомдук транспортто абайлап жүрүүгө, сак болууга чакырды. Ошондой эле, мекендештерден эл көп топтолгон жерден мүмкүн болушунча оолак болууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>