Саламаттыкты сактоо министри Женевадагы жөө жүрүшкө катышты

Саламаттыкты сактоо министри Женевадагы жөө жүрүшкө катышты

Бүгүн, 26-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Женевада (Швейцария) Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өткөн “Ден соолук бардыгы үчүн” иш-чарасына катышты.

Аталган ведомстводон маалымдашкандай, министр Женевада жүздөгөн адамдарды чогулткан жөө жүрүшкө катышты. “Ден соолук бардыгы үчүн” челленджи ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюстун, аймактык директор, доктор Ханс Клюгенин жана башка өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин катышуусунда өттү.

Чуркоо жана басуу ден соолукту сактоого олуттуу салым кошот: ал жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана рактын кээ бир түрлөрүн азайтат, ошондой эле дененин салмагын көзөмөлдөөгө жана психикалык саламатты жакшыртууга жардам берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>