Видео: Кайгуул кызматынан качкан унаа кырсыктап, үч адам каза болду

Видео: Кайгуул кызматынан качкан унаа кырсыктап, үч адам каза болду

Бишкек шаарында кайгуул кызматкерлеринен качкан унаа жол кырсыгына кабылып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-январда кайгуул кызматкерлери шаар көчөлөрүндө кайгуул жүргүзүп жатып, Тоголок Молдо көчөсүндө белгисиз адамдар «Субару Легаси» унаасына бир адамды түрткүлөп отургузганын көрүшкөн. Бул жагдай кайгуул кызматкерлеринин шектенүүсүн жараткан.

Алар үн чыгаруучу жабдык аркылуу айдоочудан текшерүү үчүн унааны токтотууну талап кылышкан. Бирок унаа ылдамдыгын көбөйтүп, токтогон эмес. Кайгуул кызматкерлери унаанын артынан түшүп, бир нече ирет айдоочудан унааны токтотуусун талап кылган. Бирок аталган унаа кайгуул кызматкерлерин артта калтырып, жашырынып кеткен.

«Андан кийин белгилүү болгондой, аталган унаа Төмөнкү Ала-Арча айылында жол кырсыгына кабылган. Унаа катуу ылдамдыкта даракты сүзүп, андан кийин Тоголок Молдо менен Саадаев көчөсүнүн кесилишинде тосмону сүзгөн. Кайгуул кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүп, дароо тез жардам чакырышкан. Белгилүү болгондой, унаада беш адам болгон. Үч адам алган жаракаттарынан улам окуя жеринде көз жумган (өздүгү такталууда) жана 2003-жылы туулган Н.А. жана 2005-жылы туулган У.М. №4 шаардык ооруканага жеткирилген», — деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>