«Жылкыны сатып, үй алалы дегенбиз». Таласта уурдалган 2 млн сомдук үйүр жылкы 5,5 айдан бери табыла элек

«Жылкыны сатып, үй алалы дегенбиз». Таласта уурдалган 2 млн сомдук үйүр жылкы 5,5 айдан бери табыла элек

Быйыл май айынын аягында Таластын Көпүрө-Базар айылындагы Кумбел жайлоосунан уурдалган баасы 2-2,5 млн сомдук үйүр жылкы жана аны уурдагандар беш жарым айдан бери табыла элек

Уурдалган малдын ээси Бактыбек Малабековдун айтымында, үйүрдө 19 баш жылкы жана 13 кулун болгон. Жылкылар май айынын аяктарында уурдалган. Ал акыркы жолу 28-майда жайлоодогу жылкыларын түгөлдөп кетип, арадан үч күн өткөндөн кийин 31-майда кайра барганда таппай калган.

Малабеков уурдалып кеткен жылкылар көп жылдан бери маңдай тери менен жыйнаган малы экенин айтып, быйыл аларды сатып Бишкектен үй алууну пландап жатышканын билдирди. Тилекке каршы малды кылмышкерлер уурдап кеткен. Учурда уурдалган малы табылбай жатканын же аны уурдаган адамдар кармала электигин айтат.

Таластын Көпүрө-Базар айылы Казакстан менен чектеш болгондуктан жылкылар коңшу мамлекетке уурдалып кеткен болушу мүмкүн.

Бактыбек Малабековдун белгилегендей, үйүрдө айгыр менен алты бээ жээрде кашка, төртөө кара, экиден кара кашка, тору, карагер бээлер, бир боз (көк) жана бир сары бээ болгон. Ал уурдалган жылкылар тууралуу маалыматы бар адамдарды 0771 88 55 84, 0222 45 87 84 же 0220 09 43 65 номерине байланышуусун суранат. Жылкылар табылса, сүйүнчүсүнө 1 кыл куйрук берилет.

Талас облустук милициясынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, учурда мал уурулар кармала элек. Тиелешүү багыттамалар өлкөнүн башка облустарына жана коңшу Казакстанга жөнөтүлгөн. Милиция жоголгон жылкылар менен мал ууруларды издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>