Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барды, театрлар 1 931 спектакль койдуБишкекте таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты өтөтМинкаб көмүрдү унаа менен ташууга чектөөнү сактоону сунуштады«Жаратман МУУН»: Бишкекте келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөтУлуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүнБишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт
Быйыл 6 айда Кыргызстанга 41,1 млн сомго чочко импорттолгон
21.08.2023 | 15:23
Быйыл Кыргызстанда чочконун импорту көбөйдү. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Статистика комитетинин сайтындагы маалымат боюнча, быйыл 6 айда Орусиядан Кыргызстанга 41 млн 184,8 миң сомго 3 миң 598 баш чочко алынып келинген. Былтыркы 1 жылга караганда быйыл 6 айда чочконун импорту 277,33%га көбөйгөн (30 млн 270,4 миң сомго көп импорттолгон).
Белгилей кетсек, Кыргызстанга сырттан чочко импорттоо 2022-жылы башталган. Статистика комитеттин маалыматына караганда, өткөн жылдары республикага бул жаныбардын импорту болгон эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз