АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чүйдөгү “Ивановка” суу сактагычы оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди
14.04.2025 | 11:10
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Ивановка” кичи суу сактагычы толук капиталдык оңдоодон кийин ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Суу сактагычты ишке берүү иш-чарасына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
Аталган суу сактагычтын сугат аянты капиталдык оңдоого чейин 300 гектарды түзгөн. Ал эми оңдоодон кийин анда топтолгон сугат суунун сыйымдуулугу 1,200 млн. м3 чейин көбөйгөн. Мындан улам кошумча 600 гектар айдоо жерге жана 60 гектар кайрак жерге суу берүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, жалпы 960 гектар жерди сугарууга шарт түзүлгөн.