Быйыл балтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 30% га көп

Быйыл балтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 30% га көп

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 30 пайызга өскөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекцияга шилтеме берүү менен таратты.

Статистика бөлүмүнүн маалыматы боюнча, быйыл 5 миң 437 жол кырсыгы катталса, былтыр ушул мезгилде кырсыктар 30 пайызга аз болгон.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында жол кырсыгынан 8 миң 298 адам жабыркап, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32,2 пайызга көп, 587 адам каза болгон, же 18,3 пайызга көп.

Быйыл балдардын катышуусунда 1 миң 360 жол кырсыгы катталды, бул 2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 48,6 пайызга көп. Кырсыктын кесепетинен 78 бала каза болуп, 1 миң 655и ар кандай жаракаттарды алышкан.

Мас абалында айдоочулардын катышуусу менен 329 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 5,2 пайызга аз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>