Боор жана бөйрөгүнөн жабыр тарткандар митингге чыгышты (ВИДЕО)

Боор жана бөйрөгүнөн жабыр тарткандар митингге чыгышты (ВИДЕО)

Бөйрөгүн жана боорун алмаштыра турган жарандар бир жылдан бери дары ала албай жатканына нааразы болуп Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митинге чогула баштады. Бул туурасында Reporter.kg ′нин кабарчысы билдирди.

Нааразылык митингдин уюштуруучулардын бири Мурат Бексултановдун айтымында, эки талапты коюшууда.

1-талап: быйыл сентябрь айында тендер өтүп орусиялык «МедСервис» компаниясы утуп алган. “Програф”, “селлсепт”, “сандиммун неорал”, “майфортик” – деген оргинал дарылардын ордуна аналог (дженерик) дарылар бергени жатат. Муну менен 40 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат. Дал ушул аналог дарыларга каршы чыгуудабыз. Анткени, бул дарылар организмге кандай таасир этет белгисиз.

2-талап: 2021-жылдын дарысын ушул тапка чейин ала элекпиз. Буга тендер жүргүзүү жолдору менен убакыт жөн гана өтүп жатат. Ошол себептен тендерди тыйып, түз сатып алуу жолу менен дарыларды сатып беришсин!

Мамлекет тарабынан жыл сайын 78 млн. сом каражат бөлүнөт. Ага “програф”, “селлсепт”, “сандиммун неорал”, “майфортик” – деген 4 түрдүү дары сатылып алынат. Ал 585 кишиге 8,5 айга жетет. Быйылкысын азыркыга чейин ала элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>