Быйыл Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эки Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
Азия биринчилиги 15 жана 20 жашка чейинки балбандар арасында 5-13-июлда өтөт.
Алгач 5нен 7-июлга чейин өспүрүмдөрдүн, андан кийин 9унан 13-июлга чейин 20 жашка чейинки балбандардын таймашы болот.