«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Быйыл дан эгиндеринин дүң жыйымы эки эсе аз болду
13.12.2021 | 12:10
Республикада дан эгиндерин чаап-жыйноо аяктады. 23-ноябрга карата 577 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 1 миллион 400 миң тонна эгин бастырылды, же 29% аз, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.
“Быйыл жайкы температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келди. Алсак, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буудайдын дүң жыйымы 42%га, арпаныкы 46%га азайган”, — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.
Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы – 25,4%, кант кызылчасы – 19%, дарбыз – 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 3,9%, дан үчүн жүгөрү – 3,3%, картошка – 2,9% жана жашылчалар — 1,3 процентке аз болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом