Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Быйыл элдин орточо кирешеси 19 пайызга көбөйдү
13.08.2024 | 19:00
Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2024-жылдын биринчи кварталында 218,9 миллиард сомго жетти, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,5%га көп. Бул тууралуу “Акчабар” кабарлады.
Жарандар көбүнчө маяна менен жашайт, ал 156,4 миллиард сомго чейин өстү.
Социалдык трансферттер, жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн акча дагы олуттуу салым кошкон.
Калктын накталай акчалай табышынын көлөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 207,7 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 15,3%га жогору.
Ошондо салыктык милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү алып салганда орточо бир айлык киреше 10 миң 790,4 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6%га көп.