Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө UIM F1H2O Гран-присине келди. Видео
31.07.2026 | 12:39

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө суу-мотордук спорт боюнча UIM F1H2O Кыргызстандын Гран-присинин расмий амбассадору катары учуп келди. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасынын кабарчысы билдирди.
Күндүн экинчи жарымында спортчу Бает айылындагы трибуналарга барып, «Формула-1» суу-мотордук болиддеринин алгачкы машыгуу жарыштарына жана эркин практикасына жеке өзү байкоо салары күтүлүүдө.
Командалардын расмий машыгуулары жакынкы сааттарда сууда башталат.
Эскерте кетсек, «Суудагы Формула-1» UIM F1H2O турнири 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдөгү Бает айылында өтөт. Бул — Борбордук Азиядагы мындай алгачкы иш-чара.
Буга чейин дүйнөгө белгилүү актёрлор Жеки Чан менен Жан-Клод Ван Даммдын келиши мүмкүн экени кабарланган.