Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайлары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну пландоодо

29.07.2026 | 16:42
Университеты Кыргызстана и Узбекистана планируют совместные программы — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ысык-Көл облусунда өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумуна катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Улан Маматканов өз сөзүндө билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттердин өнүгүүсүнүн негизги ресурсу — билим, инновациялар жана адам капиталы. Ошондуктан жогорку окуу жайлары илимий изилдөөлөрдүн, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун жана заманбап технологияларды өнүктүрүүнүн борборуна айланышы керек.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүнүн, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий долбоорлорду ишке ашыруунун, ошондой эле эки өлкөнүн университеттеринин ортосундагы кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Scroll to Top