Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Быйыл Кыргызстан 291 тонна бал экспорттоду
17.11.2021 | 13:54
Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстандан 106 миллион 911 миң 300 сомго 291,5 тонна бал экспорттолду. Өткөн жылы ушул эле мезгилде өлкө балды көбүрөөк, бирок азыраак акчага экспорттогон. Кыргызстанда 2020-жылы 325,1 тонна бал 86 миллион 420 миң сомго сатылды. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Биздин эсеп боюнча, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, быйыл бир килограмм бал мурункуга караганда 102 сомго көп экспорттолду. 2020-жылы анын килограммы орточо эсеп менен 265 сомду, 2021-жылы 367 сомду түзгөн. Бал 25 өлкөдө суроо-талапка ээ.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика