Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөбү? Төрага орун басарынын жообу

Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөбү? Төрага орун басарынын жообу

Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда эмес, өз убагында өтөт. Бул тууралуу парламент төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылгандан кийин журналисттерден «быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөрү айтылып жатат, бул чынбы?» деген суроолор түшө баштады.

«Бул калп. Андай болбойт. Парламенттик шайлоо 2026-жылы ноябрда өз убагында өтөт. Депутаттардын да, президенттин да шайлоочу өз убагында болот», — деди Сыдыгалиев.

Белгилүү болгондой, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган.

Алар сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште азыркыдай эле 90 депутат болот. Алар парламентке мажоритардык тутум боюнча 5 жылга шайланып келет. Ал үчүн өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн эл өкүл шайланат. Мандат эң көп добуш алган үч талапкерге тиет.

90 мандаттын 30у аялдардын квотасына таандык. Тиешелүү округ боюнча аял талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган аял киши депутат болуп шайланат. Ошондо парламентте кеминде 30 аял депутат болот.

Эгер депутат мандатын тапшырса же ажыратылса, кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Анын ордуна шайланып келген округу боюнча көп добуш алган кийинки талапкер эл өкүлү болот.

Эгер айым депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат келет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депуттарын шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн. Келерки шайлоо 2026-жылы күзүндө өтүшү керек.

ЖК депутаттарын көп мандаттуу округ боюнча шайлоо сунушталууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>