Быйыл алты айда 180 адам камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган

Быйыл алты айда 180 адам камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган

Бүгүн,  19-декабрда Жогорку Кеңеште тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын жыйынына жумушчу топтун мүчөлөрү, түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор, Башкы прокуратуранын  Кылмыш, жарандык сот өндүрүшүн жана сот чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку Соттун өкүлдөрү катышты.

Комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу өз баяндамасында көптөгөн соттук чечимдер туура эмес чыкканын иликтөөлөр көрсөткөнүн билдирди.

«Өтө оор кылмыштар менен өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген айрым бир соттолуучуларга кыска мөөнөт ичинде мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтүн өтөбөй абактан чыгарылган. Ошол эле учурда анча оор эмес кылмыштар менен отургандардын ырайым суроо өтүнүчү канааттандырылган эмес», — деди депутат.

Буга бир катар мисалдарды келтирген эл өкүлү: «Жалал-Абадда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалыптыр. Ал 2018-жылы тоноо, зордуктоо сыяктуу оор беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген экен. Бирок 2022-жылы системдүү коррупциялык схема менен чыгып кеткен. Биз көп абактарды кыдырып чыктык, анда 4-стадияда рак оорусу менен ооруп жаткан аялдар, майыптар отурат”,- деп кошумчалады.

Ошондой эле дептутат Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыш менен өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө камалгандарга убагында гумандуу мамиле жасалганын, ал эми кошуна өлкөлөрдө андай кылмышкерлерди атууга өкүм чыгарылганын эске салды.

Андыктан комиссия төрагасы соттордун мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш ишин козгоо багытында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин белгиледи. Тагыраагы, дициплинардык комиссиянын ишинен да жыйынтык чыкпай жатканына токтолду.

Жумушчу топтун жетекчиси Кубанычбек Абылов иликтенип жаткан чөйрөдө олуттуу мыйзам бузуулар өтө көп экенин белгиледи. Ал эми түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор Нурмат Исраилов  соттордун туура эмес чечими боюнча даттанып, эки жыл ичинде 32 иш бузулганын маалымдады. Жыйын соңунда комиссия төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу бир катар кемчиликтерди тизмектеп, тийиштүү органдарга кайрылуу менен тармакты иретке салууга чакырды.

Комиссиянын маалыматына караганда, 2023-жылдын алты айында 501 соттолгон жаранга карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу сотторго сунуш киргизилген. Анын ичинен 180 соттолгон жаран мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>