Кыргызстан менен Германия билим берүү жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Германия билим берүү жаатында кызматташат

18-декабрда Берлин шаарында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Германиянын Федералдык Билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин мамлекеттик катчысы Юдит Пиршердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева илимий изилдөөлөр жана инновациялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн, санариптик билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты колдоонун жана өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн билим берүү мекемелери менен илимий уюмдарынын академиялык байланыштарын чыңдоонун, Кыргызстанда немис тилин окутууну колдоонун, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана алдыңкы педагогикалык ыкмалар жана технологиялар менен алмашуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик катчы Юдит Пиршер герман тарабынын эки өлкөнүн илимий мекемелери менен окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2024-жылы Кыргызстанда Кыргыз-немис илим күндөрүн өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германиянын Федералдык билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин ортосунда илим, изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу ниети тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>