Миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргызстандан 450дөн ашык чет элдик жаран чыгарылды

Соттордун чечими менен миграция мыйзамдарын бузган 450дөн ашуун чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирет.
Такталгандай, 7,9 миңден ашык чет элдик административдик жоопкерчиликке тартылып, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 65 миллион сомдон ашкан. Дагы 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды мыйзам талаптарын бузуу менен жумушка тарткан бир катар уюмдарга карата административдик таасир этүү чаралары көрүлгөн.
Мекеменин маалыматы боюнча, Бишкек шаардык ИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери туруктуу негизде алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүп келет. Акыркы күндөрдүн ичинде эле мындай жолугушуулар 12 курулуш компаниясында 1,5 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандын катышуусунда өттү, алардын басымдуу бөлүгүн Кытай жарандары түзөт.
Жолугушуулар учурунда чет элдиктерге Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары, коомдук тартипти сактоонун, өлкөнүн маданиятына жана каада-салттарына сый мамиле кылуунун зарылдыгы, ошондой эле укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Бишкектеги көңүл ачуучу жайларда күн сайын саат 21:00дөн 02:00гө чейин ушундай эле алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаардык ИИББ ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга кайрылып, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого, улуттук каада-салттарды жана коомдук жүрүм-турум нормаларын сыйлоого чакырды.
Мекеме мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.