ИИМдин мыктылары кимдер болду?

ИИМдин мыктылары кимдер болду?

Ички иштер министрлиги 2019-жылдагы мыкты милиция кызматкерлерин сыйлады.

Министрликтин маалыматына караганда сыйлыктарды өткөн жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер  аталды. Кызматкерлерге сыйлыктарды министр Кашкар Джунушалиев тапшырган.

“Кесиби боюнча мыкты” сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда: 

Ош ШИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкери Эрлан Сагынбаев ― “ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери”;

Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Нурбек Дуванаев ― “ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү”;

Кадамжай РИИБнын жоруктар  жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн ыйгарым  укуктуу кызматкери Кудайберген уулу Бектур ― “ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын мыкты ыйгарым өкүлү”;

Ош ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкери Болотбек Дооранов ―  “ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери”;

ИИМдин  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы, Кибар Османов ― “ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мыкты опер кызматкери”;

Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБнын  аймактык ыйгарымдуу өкүлү Нурлан Одонов  ―  “ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянынаймактык ыйгарымдуу өкүлү”;

Бишкектин Биринчи Май РИИБнын жашы жете электердин иштери боюнча  инспектору Рыскулбек Асанбеков ―  “ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты аймактык  инспектору”;

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам нөөмөткери Мирланбек Сатыбеков ― “ИИМдин ыкчам чара көрүү борборунун мыкты ыкчам нөөмөткери”;

Баткен ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчөсүнүн командири Максатбек Абдалимов ― “ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери”;

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун күзөт бөлүмүнүн взвод командиринин орун басары, Тилек Абдылдаев ― “ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын мыкты кызматкери”;

ИИМдин “Шумкар” АБПнун Балыкчы шаарынын өзүнчө ротасынын № 2 взводунун бөлүмчөсүнүн командири Изат Шабданов ― “ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери”;

ИИМдин “Шумкар” АБПнун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер-жоокери Марат Сыдыгалиев ― “ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери”;

Нарын облустук  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору Улан Рыскелдиев ― “ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери”;

ИИМдин ыкчам криминалистика борборунун улук инспектор-криминалисти Мусабек Назаров ― “ИИМдин Ыкчам криминалистикалык борборунун мыкты кызматкери”.

Айтылган кызматкерлердин баардыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол сааты  менен сыйланышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>