Былтыр Кумтөрдө 17,2 тонна алтын өндүрүлдү

Былтыр Кумтөрдө 17,2 тонна алтын өндүрүлдү

Кыргызстанда 2021-жылы 10 тонна алтын өндүрүлсө, 2022-жылы анын көлөмү 17,2 тоннага жеткен. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, алтын резервинин көлөмү бүгүнкү күндө 40 тоннадан ашты.

«Биз кыялдар орундаларын далилдедик. Көп жылдардан бери токтоп турган ири долбоорлорду ишке киргизүүгө мүмкүн болду. Экономикабыздын локомотиви болгон «Кумтөр» кени элибизге кайтарылды. Бул суверендүү Кыргызстандын тарыхында калаары талашсыз», — деди Жапаров.

Өкмөт башчы акыркы эки жылда тоо-кен тармагынан 48,3 миллиард сом түшкөнүн, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп (2019-жылы 13 миллиард сом түшкөн) экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров мындан ары ири кендер мамлекет тарабынан иштетилип, алардын кирешеси элдин муктаждыгына, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшаларын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>