Былтыр Сириядан үч баласы менен кайтарылган аял камакта отурат

Былтыр Сириядан үч баласы менен кайтарылган аял камакта отурат

Былтыр Сириядан үч баласы менен кайтарылган аял милиция тарабынан кармалып, тергөө абагында камакта отурат. Бул тууралуу Акыйктачы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев менен институттун кызматкерлери Ош шаарындагы №5 тергөө абагына барып, камакта отурган жарандардан кабар алган. Учурда бул тергөө абагында 291 киши кармалууда. Алардын ичинен 12си аял. Тергөө абагы 511 адамга эсептелген.

Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев

Баарлашуу учурунда камакта отурган 40 жаштагы аял укугун коргоп берүүнү суранган. Аялдын айтымында, ал 2023-жылдын октябрында үч жаш баласы менен Сириядан өкмөттүн программасы боюнча кайтарылган. Андан кийин ал реабилитациялык процедуралардан өткөн.

«Ошого карабастан укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылы марттын башында кармалган. 7-мартта Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу бөгөт чарасын тандаган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык (1997-жылдагы редакция) боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалган», — деп билдирет Акыйкатчы институту.

Аялдын кайрылуусун Акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды.

Ошондой эле камакка алынгандардын бири анын иши боюнча сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы болгон. Дагы бирөө жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранган. Жалпысынан 5 адам укук коргоо жана тергөө органдары тарабынан укуктарынын бузулушуна арызданып, укуктарын коргоп берүүнү суранышкан.

Текшерүү учурунда тергөө абагынын камералары ным тартып, эскирип калганы аныкталган. Бирок абакта отургандар кармоо шарттарына арызданышкан эмес.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 22-октябрда Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерлерден Кыргызстандын жарандары – 21 аял жана 62 бала мекенине кайтарылган.

Сириядан мекенине 21 аял жана 62 бала кайтарылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>