АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кыргызстан Кытайдан соттолгон жарандарын өткөрүп берүүнү суранды
20.03.2024 | 10:31
Кыргызстан Кытайда соттолгон жарандарын өткөрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн консультациясы болуп өттү. Анда виза берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиленди.
Кыргызстан соттолгон жарандарын өткөрүп берүү маселесин кароону тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кытай тарапка кайрылды.
Кыргызстандын 1 миң 418 жараны чет өлкөдө түрмөдө олтурат. Алардын 13ү Европада, Кытайда – 12, Россияда — 1 миң 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөөдө.
13 кыргыз жараны Европада, 12 адам Кытайда жаза мөөнөтүн өтөп жатат
Рубрики: Жаңылыктар, Коом