Бүт эле парашют менен түшкөн жетекчилер. Депутат министрге кайрылды

Бүт эле парашют менен түшкөн жетекчилер. Депутат министрге кайрылды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилигинде медициналык билими жок адамдар отурат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, башчысынын жана анын орун басарларынын дагы медициналык билимдери жок.

“Алардын медициналык билимдери жок болсо, салматтыкты сактоо тармагын кандай түшүнүшөт?”, — деп сурады депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова бул маселе каралып жатканын айтып: «биз дарылоо иштери боюнча жаңы орун басар алалы деп жатабыз. Аталган фонддун курамында медициналык билими бар дарыгерлер жана эксперттер да бар», — деди.

Депутаттын пикиринде, азыркы кадрлар эптеп эле бир жерге жетекчи болуп калууну каалашат.

“Азыркы кадрлардан коркуш керек. Тажрыйбасы, түшүнүгү жок болсо деле кызматка коркпой эле бара беришет экен. Акыркы 30 жылда өзүнүн кесиби менен тажрыйба чогултуп, бышып жетилгенден кийин республикалык деңгээлдеги жетекчи болоюн деген кадрларды таппайсың. Бүт эле парашют менен түшкөн жетекчилер. 80-90% өзүнүн кесибине дал келбеген жетекчилер бар. Өздөрүнүн идеясы жок болсо, ал тармакты кантип көзөмөлдөйт?”, — деди Нарматова.

Министр ушул жумада жаңы орун басар аларын кошумчалады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>