Таласта таштанды сорттоочу ишкана курулууда

Таласта таштанды сорттоочу ишкана курулууда

1-декабрь күнү президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев менен биргеликте фонд аркылуу иш жүзүнө ашып жаткан долбоорлор менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Облус жетекчиси менен фонддун жетекчиси алгач Талас районунун Кара-Суу айылындагы 4 көчөгө 8 миң метр электр чубалгылары алынып берилип жалпы 100 түтүн кубаттуу электр жарыгы менен камсыз боло турган иш менен жана Нуржанов айыл аймагында курулуп жаткан спорттук комплексинин курулуш иштери менен таанышышты. Аталган имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун эсебинен 2,1 млн сом акча каражаты каралган. Айыл өкмөт башчысынын маалыматы боюнча спорт комплекстин капиталдык ремонт иштерин 2023-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда.

Андан соң Талас шаарынын таштанды полигонундагы жаңыдан курулуп жаткан таштандыларды сорттоочу заводдун курулуш иштерин көрүштү. Аталган максаттарга «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунан 6 млн сом пайызсыз каражат жеке ишкерге бөлүнүп берилген. Бакытбек Нарбеков, таштанды маселесин комплекстүү чечүү зарыл экенин белгилеп, алгач Беккари чуңкуру 1,4 млн сомго курулганын жана экинчи этабында 6 миллион сомго таштанды сорттоочу завод курулуп жатканын айтты.

«Андан кийин Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектептин эмгек жамаатына заманбап үлгүдөгү 5 ноутбук тапшырылды. Облус башчысы билим берүү тармагына ар дайым олуттуу көңүл буруу зарыл экендигин айтып мектепте түзүлгөн шарттар менен кеңири таанышты. Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы жарыктандыруу иштерин жеринде көрдү. Жарыктандыруу иштери 4,5 чакырым аралыкка жүргүзүлгөн. Шекер айылында курулуп жаткан спорт комплексинин курулуш иштерине «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу 980 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле Шекер айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна фонд аркылуу компьютерге сертификат тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылы «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин Талас облусуна 900 млн сом каражат жумшалган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>