“Бүтүн Кыргызстандын” Москвадагы өкүлүнүн билдирүүсү боюнча УКМК үн катты

“Бүтүн Кыргызстандын” Москвадагы өкүлүнүн билдирүүсү боюнча УКМК үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсүнүн билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Аталган ведомствонун басма соз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 25-майында russkie.org сайтына “Донбасска гуманитардык жардам ар кандай улуттарды бириктирди” деген макала жарык көргөн. Анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Донбасстын тургундарына гуманитардык жардам көрсөткөнү жазылган. Макалада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Динара Чолпонова: “Жөнөкөй жарандар Путин бизди —  Кыргызстанды өзүнө Россияга алсын дешет. Анткени орусиялык президент өз элине камкордук көрөт. Россияда бир гана орустар эмес, сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана көптөгөн улуттар бар – бардыгы тынчтыкта жайшайт анткени бул алардын үйү”, — деп билдирген.

“Буга байланыштуу УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн ушул сыяктуу билдирүүлөрү толугу менен Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына жана Кыргызстандын элинин пикирине карама-каршы келерин билдирет. Көз карандысыздык бир гана партиянын эмес, Кыргыстандын жалпы элинин мурасы болуп саналат.

УКМК саясий партиянын жана уюмдардын кээ бир мүчөлөрүн мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө зыян келтире турган чагымчыл билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Донбасс

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>