Бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарында ката кетип, кайра басылууда

Бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарында ката кетип, кайра басылууда

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттесттары ката менен басылып чыккан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ата-энелер билдиришти.

Алардын айтымында, документте сабактардын айрымдары жазылбай, кээ биринде баалар коюлбай калган. Аты-жөнү туура эмес көрсөтүлгөн учурлар дагы кездешет.

Лейлек районундагы мектептердин биринде 57 бүтүрүүчүнүн 9у гана аттестат алган. Калгандарынын документти басмаканага кайра басып чыгарууга жөнөтүлгөн.

Ата-энелер балдары жогорку окуу жайларга тапшыра албай, күтүп олтурганын айтышууда.

«Менин кызым Түштүк Кореянын Юнис университетине 100 пайыз грант алып өткөн. Аттестатты берүү кечигип, документтерди жөнөтө албай олтурганбыз. Аны алсак ката чыгып, кайра басмаканага жөнөтүлдү. Дагы бир апта күтүшүбүз керек», — деп жазды Ноокат районунун тургуну Ибрагим Балтабаев.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, аттестаттарды тез арада оңдоп чыгуу аракети көрүлүп жатат.

«»Учкун» басмаканасын баарын бекер оңдоп берип жатат. Ага көп убакыт кетпейт. Болгону аймактарга почта менен жөнөтүлгөндүктан бир аз кармалып калып жатат», — дейт мекеме.

Министрлик канча документтен ката табылганын айта алган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>